Соцтармактарга Атамбаев менен Шамил Атахановдун бет маңдай сурак беришкенинин протоколу жарыяланды. Анда белгилүү болгондой ушул жылдын 21-августунда түзүлгөн. Бет маңдай келтирген суракта ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси Эркинбек Аширходжаев өткөргөн.

 

Протоколдо Атамбаев адаттагысындай эле суроолорго жооп берүүдөн баш тартканы жазылган. Ал эми Шамил Атахановдун көрсөтмөсүндө ал УКМКнын төрагасы болуп дайындалгандан эки-үч ай өткөндөн кийин президент Атамбаев Жаныш Бакиевдин экстрадациясы тууралуу тапшырма койгон. Анда мыйзамдуу экстрадациялоо эмес атайын операциянын негизинде алып келүү айтылган. Атаханов мындай тапшырмага кызматкерлери менен кеңешерин айткан. Бир нече убакыттан кийин ал мамлекет башчыга операцияны өз күчтөрү менен өткөрө алышаарын бирок аны өткөрүүгө акча керектигин билдирген. Андан кийин маселе президенттин кароосунда калтырылган.

 

 Кыргызстанга Рамзан Кадыровдун ишенимдүү адамы Россиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов учуп келген. Атамбаев Атахановго аны менен жолугууга уруксат берген.

 

“Учактын бортунда жолугуштук, ал Азиз Батукаев эчактан бери оорулуу экенин, анын дарты айыккыс экенин жана мыйзам боюнча ал эркиндикке чыгарылып, Чеченстанга  кетиши керектигин  айтты. Мен ага бул мүмкүн эмес, ал чындап эле оорукчан болсо такташ үчүн медициналык кароодон өткөрүү керек дедим.  Сүйлөшүү убагында маселени чечүүнүн дагы бир варианты пайда болду, мен Жаныш Бакиевди экстрадациялай алышса анда эркиндикке чыгаруу маселесин карап көрөбүз дедим.

 

Адам Делимханов дароо жооп кайтарган жок. Ал кийинчерээк байланышаарын айтып, Жаныш Бакиевди Азиз Батукаевдин эркиндигине алмашышаарын тастыктады.  

 

Мен бул тууралуу Атамбаевге айттым. Кол коюлбаган түшүндүрүү катты бердим, ал жергде Батукаевдин оорусу тууралуу, ал Кыргызстандагы криминалдык кырдаалда кандай роль ойноорун жаздым”, - деген Атаханов.

 

 Андан ары мурдагы вице-премьер-министр Батукаевдин оорусу соттолуучу абактан чыгарыла турган дарттардын тизмесине туура келбей турганын да тастыктаган. Шамиль Атаханов УКМКнын кызматкери М. Бектеновго мыйзамдагы ууруну абактан чыгарууга боло турган себеп табууга тапшырма берген. Бул атайын операция болгонун да белгилеген.

 

 “Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияевдин топторунун ортосунда каршылашуу күчөгөн. Азиз Батукаев 2011-жылы колониялардын баарына УКТ менен күрөш башталып жатканына каршылык билдирип тополоңду уюштурганы буга далил.

 

Мамлекет башчыдан бул операцияны өткөрүүгө макулдук алдык, чечен тарап келишимди аткарат деген кепилдик барбы деген суроо да жаралды. Мен мындай шектенүүлөрдү А. Делимхановго жеткирдим.

 

Делимханов Рамзан Кадыров Атамбаев менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал жолугушууда чечен президентти өз милдеттерин тастыктамак. Бул жолугушуу болгонун мен кийин Делимхановдон уктум”, - деген Атаханов.

 

Анын айтымында мына ушундай келишимдерден кийин Батукаев эркиндикке чыгарылган.

 

 Ал УКМКнын төрагалыгынан бошогондон кийин да бул маселе менен алектенген. ЖАМКнын төрагасы Рысалиев менен татаалдыктар жаралгандыктан процесске ошол убактагы президенттик аппараттын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Табалдиев кошулган.

 

 Акырында мыйзамдагы ууру кеткен бирок Жаныш Бакиев келген эмес. Чечен тарап убадасын аткарбай койгон. Атаханов муну маалыматтар сыртка чыгып кеткендиктен Жаныш Бакиев Араб Эмиратына качып кеткени менен түшүндүргөн.

 

 Интернетке тараган бул документтин чын-бышыгы азырынча тастыктала электигин эскертебиз.