Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынынын «Ар кыл маселелер» саатында билдирди.
Эл өкүлү КР Президенти «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды ыкчамдатуу» аттуу форумда сүйлөгөн сөзүндө 10 артыкчылыктуу багытты белгилегендигин эске салды. Буга байланыштуу эл өкүлү баардык инвестицияларды, гранттарды жана кредиттерди атамекендик өндүрүштү колдоого жана өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылды. Мындан сырткары, эл өкүлү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) кошуулуусунун алкагында, товарларды эркин жүгүртүүдө чектөөлөр жаралганын белгилеп, республиканын өндүрүшчүлөрү ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатканын билдирди. «Андыктан, КР Өкмөтү ЕАЭБ алкагында атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо программасын иштеп чыгуусу керек»,- дейт Б.Төрөбаев.