Депутат Табалды Тиллаевдин айтымында Кыргызстанда жыл өткөн сайын ажырашкандар көбөйүп баратат. Ал белгилегендей жыл сайын 10 миңдеген түгөйлөр эки жолго түшөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтты. 

 

 Ал ажырашуулардын кесепети жаш балдарга тийип жатканын, ата-эненин эки жакка кеткенинен бала жабыркаганын белгиледи. 

 

"Көптөгөн балдар, алардын көбү мигранттардын балдары турмуштун оор кырдаалдарына туш болууда.  Мындай кырдаалда мамлекет тарабынан балдардын кызыкчылыктарын коргоо багытында тиешелүү иш-чараларды көрүлүүсү зарыл. 16-жашка келип калган өспүрүмдөр ата-энесинин тиешелүү арызынын жоктугунан паспорт ала албай келишет. Бул жагдайды чечүү керек»,- дейт депутат.

 

Мындан сырткары, эл өкүлү республика боюнча окнологиялык оорулар менен жүрөк-кан тамырлары оорулары өсүп жатканына аткаруу бийлигинин көӊүлүн бурду. Ал аталган оорулар боюнча өтө кымбат баадагы дары-дармектер сатылып жатканын кошумчалады.