«Ислам жана Православие —  биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында.

 

«Урматтуу айымдар жана мырзалар!

 

Ардактуу коноктор!

 

Сиздерди меймандос жергебизде тосуп алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз.

 

Кыргызстанга кош келиңиздер!

 

Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү.

 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдардын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулду.

 

Конференцияны Россиянын жана бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн диний жетекчилерин чогултуп, кызматташуу үчүн жалпы платформа түзүү ниетинде өткөрүп жатабыз.

 

Конференцияга аталган мамлекеттердин өкүлдөрү, элчилери, диний уюмдарынын башчылары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, белгилүү эксперттер катышууда.

 

Ушундай абройлуу курамда өтүп жаткан бүгүнкү конференцияда бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу ой-пикирлер, алгылыктуу иш-чаралар сунушталат деп үмүттөнөм", - деди мамлекет башчы.