Окуя бүгүн борбор калаанын борбордук көчөлөрүнө жакын жерде болгон.

 

"Апрель" телеканалы тартып алган видеодон бир нече адам бычак көтөрүп тегеректеги адамдарга карай шилтеген кишинин артынан кубалап барып колуна кишен салып, кармап кеткенин көрүүгө болот.

 

Баштапкы маалыматка караганда, ал адам №2 троллейбуста баратып, жүргүнчүлөргө бычак жаңсап коркунуч жараткандыктан айдоочу патрулдук милицияны чакырган. Аны колго түшүрүүгө келгенде милиция кызматкерлерине жай тургундар жардам беришти.