Өзгөртүү киргизүү өз алдынча башкаруу органдарын башкаруу системасын реформалоону же алга жылдырат же токтотот. Мындай пикирин депутат Мирлан Бакиров билдирди. 

 

Белгилей кетсек бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору кароо улантылды. 

 

"Долбоор аркылуу жергиликтүү кеӊеш депутаттарынын саны көбөйүп келе жатканы менен жергиликтүү кеӊештерге депутат болуу кызыкчылыгы кыйла төмөндөдү. Азыр айылдык кеӊеш депутаттары айыл өкмөт башчысын шайлайт, ошондой эле айылдык кеӊештин бюджетин кабыл алып берет. Бирок айылдык кеӊештердин депутаттарынын кошмо жыйыны алынып салынууда. Менимче айылдык кеӊеш депутаттарынан бир-экиден өкүлдөр шайланып, кандайдыр бир жыйын өткөрүп, акимдин жылдык маалыматын угуусу керек эле. Андан соӊ кандайдыр бир тыянак чыгарып КР Өкмөт башчыга пикир жолдоо ыйгарым укугу болсо жакшы болмок»,- деди  Бакиров.

 

Депутат Кенжебек Бокоев акимдер тарабынан айыл өкмөттөрүнө түз башкаруу киргизилери белгиленген ченемдер Башмыйзамга каршы келерин айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде административдик-территориялык реформаларды жүргүзүү менен кош обул мыйзам долбоорун чогуу кароо максатка ылайык болмок.