18-ноябрда кечки саат 17.30 чамасында Аксы районундагы Жаңы-Жол айылындагы №10 орто мектептин 10-11-классында окуган кыздар арасында мушташ чыккан. Бул тууралуу Жалал-Абаддын аймактык ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда окуучулар пикир келишпестиктен улам бири бирине кол көтөрүүгө чейин жетишкен. Учурда бул окуя боюнча материалдар топтолуп кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси боюнча катталды. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы айтылууда. Анын алкагында окуучу кыздарды мушташууга жеткирген кандай пикир келишпестик болгону такталууда.