Депутат Кенжебек Бокоев айылдык кеңештин депутаттыгына жогорку билимдүүлөр гана талапкер боло алаарын белгилеген эрежеге каршы чыкты. Айтымында шайлоо жакын калганда айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маанилүү боло баштайт. 

 

"Маалымат каражаттарында айылдык кеңешке жогорку билимдүүлөр депутат болот деп чыгып жатат. Бул БШКнын чыгарганыбы же кайсы бир мыйзам долбоорунда кошулуп кетип биз байкабай калганбызбы? Акылбек Жапаров ушундай маалыматка таянып айтып жатат. Ал өкмөт ушундай деп чечкен деди. Ошондо бул мыйзам долбоору өкмөттүкүбү же депутаттыккыбы?" - деп жаңы эреже кайдан чыга калганына депутаттын эси ооду. 

 

Ал эми Акылбек Жапаров буга катуу кызаңдады. Ал кесиптештерине Акылбек Жапаров деген ысымды оозанууга тыюу салды. Ошондой эле анын айткандарына комментарий берүүнүн да кереги жоктугун белгиледи. "Суроосу болсо регламенттин алкагында берсин", - деп алды Жапаров. 

 

Дастан Жумабеков депутаттарды тынчтандырууга аракеттенди. Сабырдуу болууга чакырды. 

 

Белгилей кетсек парламентте райондук администрцияларды күчөтүү, акимдерге жергиликтүү айыл башкармалыктарына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү укугун берүү, жер маселесин чечүү, эгерде жергиликтүү кеңеш эки ирет айыл өкмөтүн шайлай албаса, түз башкаруу системасын киргизүү, акимге жана депуттатыкка талапкердин жогорку билими болушу керектиги боюнча нормалар камтылган мыйзам долбоору каралууда. Анын демилгечилеринин бири - Акылбек Жапаров.