Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жолугуша албай жатканы тууралуу жазып чыкты. 

 

"Абактагы жарандарды кармоо шарттары жана тартиптери тууралуу" мыйзамдын 17-беренесине ылайык кылмыш иши өндүрүштө жаткан шектүү соттун кат жүзүндөгү уруксаты менен жакындарына бир айда экиден ашпаган жолугушууга чыга алат, ар бири үч саатка чейин болушу керек. 

 

Бирок Алмазбек Атамбаевдин жубайы жана  уулу акыркы жолу аны менен 17-октябрда, тагыраак айтканда бир айдан ашык убакыт мурун жолугушкан. 18-ноябрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов эч кандай негизсиз эле Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн аны менен жолугушууга уруксат сураган өтүнүчүнө баш тартып койду. 

 

Эң башкысы бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевди жакындары менен жолуктурбай коюуга эч кандай негиз жок", - деди адвокат.