Бүгүн, 19-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоору «Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамды Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүү максатында, ошондой эле аталган чөйрөдө коомдук мамилелерди жөнгө салуунун механизмдерин жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунда жазык сот өндүрүшүнө катышуучуларга карата мамлекеттик коргоо чараларынын, анын ичинде алардын коопсуздук жана социалдык жактан коргоо чараларынын тутумун киргизүү каралган, ошондой эле аларды колдонуунун негизин жана тартибин аныктаары белгиленген.
Долбоордогу дагы бир түзөтүү болуп коргоодогу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыздоо чаралары эсептелет. Аталган чаралар 15-2 беренеде каралган, ага ылайык корголуучу адамга жакындоого тыюу салуу түрүндө жеке коопсуздукту камсыздоо чаралары корголуучу адамдын коопсуздугун камсыздаган орган тарабынан төмөнкү адамдарга карата колдонулат:
1) корголуучу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна потенциалдуу коркунуч туудурган же мындай коркунуч фактысы белгиленген;
2) корголуучу адамдын жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага физикалык, моралдык таасир этүү максатында корголуучу адам менен байланыш түзүүгө аракет кылган.
2. Корголуучу адамга жакындоого тыюу салынган адам үчүн төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) корголуучу адам менен жолугушууга;
2) корголуучу адамдын аркасынан ээрчүүгө жана/же байкоо жүргүзүүгө;
3) корголуучу адам менен байланыш түзүүгө же түзүүгө аракет кылууга;
4) корголуучу адам жашаган, турган, иштеген жерине жакын барууга.