Жакындан бери УКМКдан 200 миң доллар уурдалганы жана аны кызматкерлердин бири эле кымырып кеткени айтылып жатат. Маалыматтарга караганда ал акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы  Уланбек Чалбаев  пара менен кармалганда андан далил буюм катары алынган.  

 

Айрым маалыматтарда акчаны Бакай Ишенгулов аттуу кызматкер алганы жана ал депутат Канат Исаевдин күйөө баласы экени айтылууда. Ал турмак Канат Исаевдин УКМКга барганын жана анын сапары күйөө баласынын кылмышын жашырып-жаап, акчаны кайтаруу максатында болгону да божомолдонгон. 

 

Баарынан кызыгы акыркы маалыматтар боюнча Ишенгуловду 200 миң долларды уурдап алганы үчүн кызматтан айдоо жазасына гана тартышыптыр. Бул иш билингенден кийин ал өз арызы менен кызматтан кеткен. Башка жазага тартылган да эмес, ал турмак иш изилденбеген.