Бүгүн, 19-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин көзөмөл функцияларын күчөтүүгө багытталган. Долбоор аркылуу Регламентке Жогорку Кеӊеш Төрагасы парламент жыйынына өзүнүн отчетун алып чыгаары да каралган. Мындан сырткары, парламентке сунушталган КР Премьер-министринин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын отчетторуна парламент «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берүүсү боюнча ченем киргизилүүдө. Эгерде парламент алардын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп тапса, парламент тарабынан КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жана Башкы прокурордун, Улуттук банк менен Эсептөө палатасынын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

 

Талкуу жүрүшүнөдө КР Өкмөтүнүн, Башкы прокуратуранын, Улуттук Банктын, Эсептөө палатасынын өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Алардын белгилөөсүндө, сунушталган ченемдер аталган кызмат орундарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдарга каршы келет.

 

Депутат Исхак Масалиев Кыргызстан парламенттик демократия жолунда өнүгүп жаткандыгына токтолуп, мыйзам долбоорун колдоого алды. Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоорун КР Өкмөтүнүн, Башкы прокуратуранын, Улуттук Банктын, Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдар менен чогуу бир пакетте кароону сунуш кылды.

 

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы, өзгөчө Улуттук Банк өзгөчө макамга ээ экендигин белгилеп, андыктан аталган мамлекеттик органдарда туруктуулук принциби сакталышы керектигин билдирди.

 

Талкуу жыйынтыгында комитет «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору колдоого алган жок.