Депутат Мурадыл Мадеминов прокуратуранын имаратын оңдоого Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөөрүн жактырган жок. Ал аталган фонддун каражаты туура эмес пайдаланылып жатканын билдирди. 

 

 

"Прокуратура жазаланбай турган органга айланды", - деди депутат. 

 

Сапар Исаков премьер-министр болуп турган убакта Башкы прокуратуранын имаратын оңдоого 250 миллион сом бөлүнгөн экен. Андан бери эки гана жыл өттү. Депутатты аз убакыттын ичинде эки ирет оңдоого дуушар болгон имарат нааразы кылды.