Кыргызстандын паспорту эл аралык криминалдардын колунан табылып жатканы таң калыштуу деле болбой калды. Өлкө паспорт мафиясынын тамырлаганынан эл аралык аренада уят болуп бүттү. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев  конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

 

Айтымында Улуу Британиянын Би-Би-Си кызматы Саймаитинин өлүмүн анализдеген макала жарыялаган жана анда кытай ишкеринин өмүрүн Кыргызстандагы коррупция алганы, коррупция консулдукка чейин жеткени белгиленген. 

 

"Саймаитиге  кыргыз паспорту берилгени,  консулдун унаасы менен жүргөнү Кыргызстанды  бүт дүйнөгө уят кылды”, - деди депутат. 

 

 

Андан ары депутат башкаларга кыргыз паспортун сатуу өз элин сатуу менен барабар экенин белгиледи. Ошондой эле кесиптештерине кайрылды: 

 

"Паспорт   мамлекеттик документ эмеспи, ал жарандын кайсы мамлекеттен экендигин аныктайт. Эмне үчүн акыркы жылдары эл аралык криминалдар Кыргыз мамлекетинин паспортун колдонууну адатка айландырып алышты? Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2015-2017-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 64 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 34ү гана сотко жетип, жоопкерчиликке тартылган. Калганы тергөөнүн жүрүшүндө кыскартылып же жабылып калган. Эмне себептен ал иштер жабылган, артында ким турат?"-деди  Бакыт Төрөбаев.