"Биз адам укугун коргоо, саясий плюрализмди, сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган жолубуздан кайтпайбыз", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда. 

 

" Мамлекетибизди туруктуу демократия жолунда өнүктүрүү шайлоо системасына элдин ишеними болгондо гана мүмкүн болот. Азыркы мезгилде демократиялык шайлоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы этабына келдик. Улуттук шайлоо системасын мындан ары өнүктүрүү, аны максималдуу түрдө демократиялуу кылып, эркин шайлоонун механизмдерин чыңдоо, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, ачык-айкын шайлоо өткөрүү максатын койдук.

 

Өлкөдө тынчтык, ынтымак болгондо гана мамлекетибизге донорлордун ишеними артат. Биз бул баалуулуктарды терең түшүнөбүз. Ошондуктан, адам укугун жогору койгон мамлекеттик саясатыбызды мындан ары бекемдейбиз", - деди мамлекет башчы.