"Өлкөбүздүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, ал үчүн жолдордун сапатын жакшыртуу жана жаңы жолдорду салуу — биз үчүн абдан актуалдуу", - деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда.

 

Айтымында азыркы учурда 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат.

 

"Жол куруу долбоорлоруна республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүүдө. Ошону менен бирге донорлор тарабынан колдоого муктажбыз. Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 млн. доллар акча каражаты талап кылынат. Тараз–Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл „шакекче жолун“ долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.  Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда.

 

Бул жолдун аякташы менен туристтик зонабызга келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот.

 

Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 млн. доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат. Жол тармагындагы эң ири долбоор — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөрүбүз тарабынан колдоого ээ болуусу — абдан актуалдуу", - деди президент.