«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу», — деп  белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда.

 

"Биринчиден, региондорду өнүктүрүү — орто мөөнөттүү мезгилдеги эң башкы максатыбыз бойдон калат. Бул багыт боюнча келечекте аткара турган милдеттерибизге төмөнкүлөр кирет.

 

Туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн региондук долбоорлорду колдоо максатында финансы институттарынын жана фонддордун иши күчөтүлөт.

 

Бюджеттер аралык мамилени реформалайбыз, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин дараметин жогорулатып, дотациялык аймактарды азайтууга басым жасалат.

 

20 таяныч шаарларды даректүү колдоо менен, бул шаарларда индустриалдык парктарды жана өнөр жай кластерлерин түзүү — маанилүү багытыбыз болот.

 

Келечекте туруктуу иштеп кете турган долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга түрткү беребиз.

 

Ар бир регионду адистештирүү аркылуу анын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөбүз.

 

Сиздер билгендей, региондорду өнүктүрүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо иштерине ички резервдерди толук пайдаланып жатабыз.

 

Кыргыз-Орус фондусу, Айыл банк, РСК банк, мурда элетке дээрлик көңүл бурбай келсе, азыр алардын каражатынын 80 пайызы элетке бурулду.  Кепилдик фонду да аймактардагы долбоорлорго артыкчылыктуу мамиле кылууда.

 

Мындан тышкары, аймактардагы жарандык коом активдешип, жергиликтүү ишкерлер, жаштар коомдору, сыртта иштеп жүргөн мекендештер кичи мекенине жардам берип, көптөгөн иштер бүтүүдө. Ачыгын айтайын, жергиликтүү бийлик активдүү болгон облустарда, райондордо ички резервдер, ички мүмкүнчүлүктөр аймактарды өнүктүрүүгө бурулууда. 

 

Региондордо жеке секторду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Чакан, орто ишкердикти колдойбуз, - деди президент.