Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы футбол матчына байланыштуу маалымат таратты. Анда 2019-жылдын 19-ноябрында "Спартак" стадионунда болуучу Кыргызстан жана Тажикстандын футбол боюнча улуттук командаларынын таймашы аяктаганга чейин бир катар көчөлөр жабылаары айтылган. 

 

"Саат 17.00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет", - дейт аталган кызмат. 

 

 Жарандарды мындай чектөөгө түшүнүү менен карап алдын ала кыймыл багытынын альтернативдүү каттамын тандап алууга чакырат.