Кыргызстандагы айрым мектептердин мугалимдери өз убагында планшет, компьютер жана ноутбуктар менен камсыз болгон жок, ошондуктан электрондук күндөлүктү киргизүүдө маселе жасалды. 

 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

 

Белгилей кетсек камсыздоо боюнча сынакка 10 компания катышып, анын сегизи өткөн. Утуп алган ар бир компанияга 10 мектеп туура келген. Мектептерди планшет, ноутбук менен камсыздоо иши ушул жылдын 1-сентябрынан 31-декабрына чейин улануусу керек эле. Анткен менен айрым мектептерде долбоор дагы деле ишке аша электиги маалым болгон. Айрыкча Талас, Ысык-Көл облусундагы мектептерде маселе жаралган.