Укук коргоочу Рита Карасартова УКМКнын жетекчилигинин отставкасын талап кылган петицияны түздү. Айтымында УКМКнын жетекчилигин отставкага кетирүүгө бир нече орчундуу себептер бар. Алар:

 

-УКМК кылмыш ишине  далил буюм катары алган 200 миң доллардын уурдалышы;

 

-Баткен облустук прокурорунун өлүмү;

 

-Кыргызстандан акча чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн кытай жараны Саймаитинин өлүмү;

 

-ШИИБден 20 кылмыш иши жоголду деген кабар;

 

Укук коргоочунун айтымында булардын баары кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүп, жарандардын жана улуттук коопсуздукту камсыздоо  багытындагы мамлекеттик түзүмдөгү криминализациянын жайылышын билдиришет.

 

“Коопсуздук органы мамлекеттин жана ар бир жарандын коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп баштаганын моюнга алышыбыз керек”, - дейт Карасартова.