Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду. Андан тышкары, Салык кызматы менен биргелешкен аракеттин найтыжасында өткөн жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар 2 млрд 11 млн сомго чейин кыскартылган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда каралып жатканда белгилүү болду. 

 

Депутаттар 2018-жылы Соцфонд тарабынан кандай кемчиликтер кетирилгенине кызыгышты. Эсептөө палатасынын аудитору Айжан Садыркулова каржы тартиби көп бузулгандыктан, мүчүлүштүктөрдү оңдоо жөнүндө эскертүү каты жөнөтүлгөнүн белгиледи.

 

«Азырынча Соцфонддун ишиндеги көрсөтүлгөн кемчиликтер толугу менен оңдолуп бүтө элек, жообун күтүп жатабыз», - деди ал.

 

Ал эми Соцфонддун башчысы Медер Ирсалиев Эсептөө палатасынын эскертүү каты коллегияда каралып, анын жыйынтыгында 11 кызматкерге сөгүш жарыяланганын, 6 жетекчиге эскертүү берилгенин билдирди.