Саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов саясатчыларды сыноонун ыкмасын айтты.
"Саясатчыны жакшылап билгиң келсе анын кийинки кездердеги ишмердүүлүгүн жана мурунку жылдары сүйлөгөн, жазган сөздоөрүн кара, салыштыр. Парламенттеги дерутаттардын 90%дан ашыгы мурунку президентти мактап, көзү менен тең айланып турушчу. Ал гана эмес ага "Кыргыз эл Баатыры деген наам бериш керек", "анын аты менен Түндүк-Түштүк жолун атайлы" деп демилге көтөрүшкөн. Азыр алардын баары тескери бурулуп жаңы президентке жабышып жүрүшкөн кези... Биздин бийлик да, саясатчылардын бири да Грузиядагыдай реформа жасайлы деп айтышпайт. Эгер саясатчы ар күнү ар кандай сүйлөсө - ал алдамчы. Эртең да башкача сүйлөп алдап кетет...", - деди Абдырахманов.