УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов баса албай калганын жубайы Гүлнара Суталинова билдирди.
Айтымында химиялык каражаттардын тескери таасиринен улам басуудан калды.
Эске салсак 2012-жылдын жазында Суталиновдун онкологиялык дарткан кабылганы белгилүү болуп, бир нече айдан кийин рактын үчүнчү даражасына кабылган оң бөйрөгүн алдыруу операциясын жасаткан.
Ал эми 2014-жылы сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Жакындары бийликке оор дартка чалдыккандыктан Суталиновду бошотуу суранычы менен бир нече жолу кайрылышкан.