Төкмө акын Аалы Туткучев эмгеги бааланбай келаткан таланттуу режиссер Алтынбек Максутовго бир барак мактоо грамотасын ыраа көрбөгөн аткаминер тууралуу макала жазды. Макала соцтармактагы баракчасына жарыяланган:

 

"15-ноябрда, СCСРдин Эл артистти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракеси болуп өттү. КР президенти С.Ш.Жээнбеков баш болуп, маданияттын каймактары бир жерге баш кошконун көрүп албетте сүйүнөсүң. Ооба, кайталангыс залкар таланттын кечесине КР Президенти катышканы түзүк болду. Мындай иш-чараны өткөрүү ары сыймык, ары жоопкерчиликтүү. Театралдаштырылган концерттин ашык-кеми жок көркөмдүүлүгү, сахнанын жупуну бирок жагымдуу жасалгасы, артисттердин чеберчилиги президент баштаган залдагы өнөр баккан коомду туруп кол чабууга мажбур кылды. Баары тамшанышты. Бирок, бул керемет коюлумдун автору ким?.. Көшөгө артында кандай изденүү болду, канча убакыт сарпталды, кандай эмгек жумшалды? Кызык, муну айтууну бул жакка кой, соңунда иш чараны койгон адамды бир ооз сөз менен тааныштыруу протоколго туура келбейт имиш...

 

«Жоону сайсам мен сайдым, аты калды Манаска»,- деген экен эр Чубак. Бул иш-чарага кол кабыш кылып аралашып, ичинен билген бирөө катары муну айтып коюшум адамдык парздыр. Жоктон барды жасап, уйкусуз түнүн, түйшүгү миӊ өзгөргөн даярдык күнүн сарптаган, башкаларга окшобогон башкача басыгы менен изденип, башкалардан айырмаланып ар бир мамлекеттик иш чарага кып- кыргызча жан берип, кыргыз сахнасында мурун кезикпеген түстүү, өӊдүү боёкторду пайдалана алган жаӊычыл, изденгич АДАМ Алтынбек Максутов көз жаздымда калып, документке кол коюп, телефондон буйрук бергендер сыйга, сыйлыкка ээ болуп жатканын көрүп атабыз, угуп атабыз. Аттиң, галстугуңар го бар, калыстыгыңар кайда калган бай болгурлар?..

 

Бир кез Кыргызстан деп аалам торго жаза калсаӊ, канжалаган, талкаланган, тонолгон тарыхый окуялардын сүрөттөрү жамырап чыга калса, азыр биздин өлкөгө келүүнү каалаган туристтер интернеттен Көчмөндөр оюндарынын роликтерин, сүрөттөрүн көрүп суктанар убакка келип калды. Атаӊгөрү ай карманар, уялбай көрсөтөр нерсебиз бар экен го-деп мага окшош жөн кыргыздар да сүйүнүп калдык. А бирок ичтен эле сүйүнүп жүрө бербей ошол ишти дүйнөгө алып чыгууга себеп болгон инсанга бир ооз жакшы сөз эмнеге айта албай жатабыз?..

 

Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жана Араб жергесинде өткөн оюндарды, ШОСту, Максутовсуз элестетүү мүмкүн эмес. Токтогулдун 150 жылдыгы үчүн койгон концертин эл суранып, Алматы шаарына чейин коюлбады беле? Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесичи?..


Маданиятка бөлүнгөн акчанын аздыгынан профессионал актёрлорду эмес, Амантай Кутманалиев баш болгон акын, комузчуларды актёр катары иштете алды. Ал эмгекти көрбөсөк сокур, көрүп туруп айтпасак дудуктан айрымабыз кайсы? Акты ак, күктү көк-дей турган аксакалдар жок эмес, кези келгенде алар да үн катаар. Балким, бул постумду окуса Алтынбек мырза капа болор. Бирок, мен акынмын да айтуум керек. Айтайын дегеним,

 

Өзбекке көлүн берген,
Тажикке жерин берген,
Кытайга кенин берген,
Казакка Каркырадай төрүн берген,
Оруска мигрант кылып элин берген,
Чеченге ворун берген,
Кыпкызыл килем төшөп жолун берген


биздин берешен жетекчилер ушул режиссёр уулуңардан бир кагаз аядыңарбы?.. Ал берген сыйлыгыңар талантка талант кошпойт. Болгону, шык берет беле дегеним го?.. Максутов сахна артында туруп Эл артисттерди өстүрдү. Өзү эмгек сиңире элек. Логикага да сыйбай калат экен. А чынында сыйлыкты ойлобогон, жулунбаган, кошомат кылууну билбеген, элге кызмат кылууну милдет деп ишенген Максутов тарых бетинде калат. Силер унутулган кезде ал унутулбайт. Эл ишин жасаган Алтынбек мырзага ийгилик, үй-бүлөсүнө амандык тилейбиз! Эл сизди сүйөт!"