Кытайлык ишкердин Түркияда өлтүрүлүшү жана анын аты Кыргызстандагы чуулгандуу иштерге аралашып калганы коомчулукту дүрбөткөнү чын. Анын өлүмүн ар кайсы окуяларга, көрүнүштөргө байланыштырган божомолдор байма бай айтылды. Фейсбуктагы "Правдивые слухи" баракчасына жарыяланган макалада Саймаитинин киши колдуу болушуна жеткириши мүмкүн делген дагы бир божомол айтылды:

 

"Жакында уйгур тектүү Кытай жараны Айеркен Саймаити аттуу ишкер Түркияда атып өлтүрүлдү. Анын сырдуу өлүмү кызуу талкууга алынып, айрым саясий фигураларга жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштырылып айтылып жатты, бирок мындай пикирлер чындыкка жакындабайт. Бул элдин маалыматтан адашуусу деп мүнөздөсө болот.
Учурда ишкердин өлүмү боюнча иликтөө башталып, кыргызстандык укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Түркияга жөнөп кетишти. Анын өлүмү саясий кызыкчылыктар коштолуп, кимдир бирөөлөргө каралоо максатында колдонулуп жатат, бирок чындыктын өзөгү такыр башка жатканы азырынча элге жете элек.

Ош аэропортунан каракталган 4,5 миллион доллар

2014-жылдын, 27-декабрында Ош-Үрүмчү авиакаттамы аркылуу ишкерлер 4,5 миллион доллар алып өтмөк болушкан. Аэропорттун VIP-залы аркылуу өтүп бара жаткан маалда маска кийген куралчан адамдар кол салып, эки сумка акчаны карактап кетишкен. Ал акчалар Кытайдан товар алганы бара жаткан бир нече ишкерлердин каражаты болчу. Мындай резонанстуу карактоонун артында кимдер турганы тууралуу так маалымат чыккан эмес. Бирок, ошол маалда массалык маалымат каражаттарында жана эл арасында Алтынбек Сулаймановдун бандиттик тобу карактаганы тууралуу маалыматтар айтылган. Так ошол окуядан кийин эле Алтынбек Сулайманов кылмыш дүйнөсүндөгү Замир Сыргабаев жана бир топ бандиттери менен чет өлкөнүн биринде деӊиз үстүндө эс алып жүргөнү боюнча видео тараган. Ал видеодо: “Алтынбек Сулайманов бандиттик тобу менен ийгиликтүү тоноо операциясын жууп, эс алып жүрөт” деп айтылган.

 

Айеркен Саймаити кытайлык уйгур ишкерлеринин акчаларын сыртка чыгаруу менен алектенген

 

Ушул жылы ысымы кеӊири жайылып, белгилүү болуп калган Айеркен Саймаити Кыргызстандагы миллиондогон акча каражаттарын сыртка чыгаруу менен алектенип келген деген маалымат тарады. Мына ушул маалыматтар чынында эле туура деп айтууга болот. Ал Кытайдан кирген товарлардын акчасын, кайра сыртка чыгарып, ишкерлер тарабынан чогулган ири суммадагы акчаларын чыгарып берүү менен алектенген. Айеркен Саймаитиде кайсы ишкер канча акча чыгарат жана кайсы жол менен кетип жатканы тууралуу абдан жакшы маалыматтар болгон. Ишкерлердин ишенимине кирип алган Айеркен Саймаити 2014-жылы, 27-декабрда уурдалган акчалардын каракталышына тийешеси бар болчу. Ал Алтынбек Сулайманов менен байланышы болгон. 27-декабрда чыгарылып жаткан каражаттар боюнча дагы Айеркен Саймаити Сулаймановдун бандиттик тобуна маалымат берип, карактоо операциясын чогуу ишке ашырышкан. Мындай ири суммадагы каражатты карактоого алдын-ала дыкат даярданышкан. Ошентим Айеркен Саймаити өзүнүн кытайлык уйгур тектүү жердештерин бандиттик топко салып берип тоноткон. Бул маалымат кийин айкын болуп, чындыктын бир учу чыга баштаган. Ошого байланыштуу Айеркен Саймаити 2016-жылы Кыргызстандан качып кетип, из жашырып жүргөн. Анын артынан түшкөндөр бул ишке Алтынбек Сулайманов дагы аралашканын божомолдоп, бирок так аныгына жете элек болчу. Акыркы убакта ишкерлердин өздөрүнүн аракети менен иликтөө активдүү уланып жаткан. Ири суммадагы акчанын каракталышына негизги күбө Айеркен Саймаитинин тагдыры киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Азырынча анын өлтүрүлүшүн ким ишке ашырганы белгисиз, бирок Атынбек Сулайманов башкы күбөнүн көзүн тазалады деген логика чындыкка абдан жакын. Түркиядагы иликтөө дагы чындыктын түбүнө жетет, ага чейин күтө туралы.


Алтынбек Сулаймановдун группасы дыкат даярдган операция – 2014-жылдан бери сыр бойдон катылып келген. Бирок, “кыӊыр иш кырк жылда” деген сөз бар, чындык бары бир калкып чыгат. Ал – Айеркен Саймаити маалымат берип, Алтынбек Сулайманов карактаган операциясынын күбөлөрүнүн көзүн тазалоосу. 4,5 миллион доллар дагы канча адамдын өмүрүн алып, канчасынынын тагдырына балта чабат болду экен, азырынча табышмак?..."