Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын башынан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөөрүн маалымдайт.



Буга  байланыштуу Салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек.



Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилип, жыл аягына чейин иштээрин эскерте кетели. 2020-жылдын башынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.