Бишкек ЖЭБин модерназициялоодогу коррупция боюнча иштин негизинде Свердлов райондук сотунда сот процесси уланууда. Жабырлануучу тарап сурак беришти. Сапар Исаков эксперт Геннадий Хафизор качан сот отурума келээрин суранды. А судьянын айтымында эксперт азыр Кыргызстанда эмес, ошондуктан процесске катыша албайт. 

 

"Электрстанциялары" ишканасынын өкүлү аталган ишкана менен ТВЕАнын ортосундагы келишим 2012-жылы түзүлгөнүн жана долбоорду ишке ашырууга Кытай Кыргызстанга өкүлчүлүк ачканын билдирди. Анын жетекчилигине Мусажан Макелек дайындалганын да белгиледи. Ошондой эле айтымында ЖЭБди модернизациялоо ишин кытай тарап баалаган. Ал келишим парламенттен жана өкмөттөн өтүп, андан соң гана ишке киришкен. 

 

Айыпталуучу Айбек Калиев  2016-жылдагы чыгымдардын наркы жазылган эсеп маалыматты сурашканын, ал документке кол коюлган коюлбаганына кызыкты. Ал эми жабырлануучу тараптын айтымында эсеп маалыматына анын жетекчиси Геннадий Хафизовду таба албай коюшкандыктан  кол коюлган эмес, учурда эсеп маалыматынын көчүрмөсү гана сакталуу. 

 

Мындан улам Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси расмий эсеп маалыматы жок болсо анда аларга коюлган 110 миллион доллар деген айып кайдан чыкканына таң калды.