Учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан экс-депутат Садыр Жапаров президенттен ырайым сураганын бирок азырынча жооп келе электигин анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Айтымында кат Сооронбай Жээнбековго бир ай муржа жөнөтүлгөн. 

 

Адвокат бийликтин айрым өкүлдөрү эгер Садыр Жапаров ырайым сураса бошотулаарын айтышканын, бирок ырайым суроо каты жазылганын билбей калганын белгиледи. 

 

"Бир ай мурда жазылган экен, мен эми билдим. Президентке жетип, андан ары ЖАМКга жолдонуптур. Бирок дагы деле эч кандай жооп боло элек", - деген адвокат мыйзам боюнча 14 күндүн ичинде жообу айтылыш керектигин кошумчалады.