Ош шаарында аскер кызматкери өз өмүрүнө кол салганын Башкы штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда маркум Башкы штабдын Оштогу №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеген. Ал өз өмүрүн ата-энесинин үйүндө кыйган.
17-ноябрда эртең менен ата-энеси менен чогуу жашаган үйдөн сөөгү табылган. Анын өз жанын кыюусуна жеткирген жагдайларды Аскер прокуратурасы иликтөөдө.