Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев учурда Кытайдын борбору Шанхайда академиктердин форумуна катышып жатат. КР Улуттук гвардиясынын биринчи командири Абдыгул Чотбаевдин айтымында Акаевди КЭР Илимдер академиясынын физика жана космикалык технология Институтуна иштөөгө чакырышты. 

 

 Чотбаев азырга чейин Акаев менен байланышып турат жана туңгуч президент 16-ноябрда форумдагы сүрөтүн жиберген. 

 

"Ал бир нече сунуш болгонун айтты. Алардын бири физика жана космикалык технология институтунан болгон. Ал кытай тараптын сунушун кабыл алууну же баш тартууну азырынча ойлоно элек", - деди Чотбаев.