УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза өткөрүлөт. Бул тууралуу анын адвокаты БАкытбек Автандил уулу билдирди. 

 

Айтымында баллистикалык экспертиза да жасалат, анткени эксперттер "Альфа" атайын бөлүмүнүн командиринин орун басары  Үсөнбек Ниязбековго кандай куралдан ок атылганын аныкташа элек. 

 

 "Сагымбаевдин иши боюнча тергөө болжолу эки айга созулат окшойт. Ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна да, бет келиштирүү сурактарда да эч нерсе айтпай жатат. Акыркы бет келиштирүү кесиптештеринин бири менен болду. Ал кесиптеши да Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы кайтаруучуларынын катарына кирген", - деди адвокат.