Бүгүн, 18-ноябрь эртең мененки саат 8дер чамасында Бишкекте жол кырсыгы орун алды. Унаа жолго чуркап чыккан аял автоунаага урунган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда аялды X-Trail үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Ал автоунаанын артынан келе жаткан экинчи автоунаа да тормозду баса албай калып сүзүлгөн аялды тебелеп кеткен. Аял алган жараатынан окуя болгон жерде мүрт кеткен. 

 

Учурда каза тапкан аялдын өздүгү аныкталууда. Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. 

 

24.kg