ЛОВЗ укугун коргоо боюнча бейөкмөт уюмунун кайрылуусун президенттин аппараты иликтеп жатканын президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

Бейөкмөтчүлөр өлкө башчысы менен жолугушууну ниеттенишкен. 
“Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн жаран алгач расмий кат жазат, анда эмне себептен жолугушуу керектигин жазат, аны жалпы бөлүм аркылуу аппаратка жиберет.

Президент кээде ММКларга чыккан кайрылууларга өзү көңүл буруп калган учурлар да болот”, - дейт Стамалиева.  

Ошондой эле жарандык активисттер менен президенттин жолугушуусу жакынкы убакк пландалууда, бирок азырынча күнү белгилүү эмес. 

 “Майыптыгы бар жарандарды коргоо комитети” коомдук фондунун төрагасы Толкунбек Исаков бийликти өлкөдө майып адамдар жоктой түр калтырууга аракеттенбөөгө чакырган. Өлкөдө 180 миң майыптар жашайт, алардын 30 миңи жаш балдар.