Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан бир катар товарларды, анын ичинде мандариндерди, көмүрдү, балыкты, күйүүчү-майлоочу майларды жана башкаларды мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюшту.

Атап айтканда, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 120 ящик мандарин алып өтүүгө аракет кылган унаанын айдоочусу кармалган.

Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан 28 тонна көмүр, 415 даана болот ванна жана поддондорду ташыган унаа кармалган. Айдоочуларда товарларды ташып келүүгө салык органынын салыктык каттоо жөнүндө маалымкаты болгон эмес.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдөгү тартип бузуу фактылары "Чалдовар" контролдук-өткөрмө пунктунда да аныкталган, ал жерден  Россиядан товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 326 даана катапол чатырын алып өтүүгө аракет кылышкан.

"Ак Жол" постунан  1050 кг тоңдурулган балык кармалган, айдоочуда товарды алып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын мөөнөтү өтүп кеткен.
"Чоң-Капка" постунан автомашина бортунда көмүрдүн астынан 1370 литр күйүүчү май (дизель отунун), 2267 даана бөлмө эшиктерин, ошондой эле  15,2 тонна жана 10,1 тонна үй буюмдары деп көрсөтүлгөн күмөндүү жүк алып бара жаткан 2 авто унаа кармалган.
Ошол эле посттон "П."ЖЧКсынын жүк алуучулары үчүн тактай материалдар менен 12 авто унаа кармалган. Ал эми айдоочуларда ташылып келинген жүктүн эсеп-фактурасы болгон эмес.
Ошол эле жерден ар бири 27 тонна улпак алып келе жаткан 2 авто унаа жана 31042 АКШ доллары суммасында 545 даана тиричилик электр жылыткычтарын алып келе жаткан унаа кармалган. Бардык айдоочулардын салык органдарынан эч кандай маалымкат болгон эмес.
Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.