Акыйкатчы институту Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн Фрунзе айылында жашап жаткан жетим бала тууралуу маалыматты текшерүүгө алат. Белгилей кетсек бала бирөөлөрдүн малын кайтарып малайына айланганы айтылган. 

Маалыматка караганда Ысык-Көл облусу боюнча акыйкатчынын өкүлү Өмүрбек Тамаев жана Түп райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү окуяны жеринде териштирип, баланын жашоо шартын карашат. Ошондой эле “Акцент” Коомдук фондунун өкүлү Анна Макарова айткан бардык маалыматтарды текшерет. Андан соң маалымат укук коргоо кызматтарына жана социалдык мекемелерге берилет. 

Эске салсак аталган айылда 8-9 жаштагы жетим бала бөлөк бирөөлөрдүн малын кайтараары айтылган. Жергиликтүү аткаминерлер бала жашап жаткан үй-бүлө ага опекун болууга аракеттенип жатканын билдиришкен. Бирок укук коргоочулар мындай болбой турганын айтышкан.