Чүй облустук Ички иштер башкармалагынынан билдиришкендей 8-октябрда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө М. С. Аттуу 48 жаштагы жергиликтүү жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси эрезеге жете элек кызын зордуктоого аракеттенген белгисиз кишиге карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Кызды Кант шаарындагы көп кабаттуу үйлрдүн биринин подьездинде зордуктоого аракеттенген. 
 

Факт КР Кылмыш жаза кодексинин “Зордуктоого аракеттенүү” беренесинин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. 
 Шектүүнүн айтымында азырынча болжолдуу маалыматтарга караганда ал бир нече жолу соттолгон. Учурда сотко чейинки иликтөө уланып жатат.