“Гуаша массажы организмдеги ысык-суукту теңдеп, 400 дарттардан арылтат”
—Гуаша массажы бул эң уникалдуу байыркы Тибеттен чыккан, бирок кытайлар дүйнөгө таанылткан массаждардын эң мыктысы. “Гуа” деген сөз кыруу, “ша” болсо жаман энергияны чыгаруу дегенди билдирет. Бул массаждын артыкчылыгы массаж учурунда адамдын денеси буйволдун мүйүзүнөн жасалган пластина менен кырылат. Адамдын жанын кыйнаган дарттан эле эмес, терс энергиядан, тагыраак айтканда, кара дубадан да арылтат.

Гуаша массжы менен адамга диогноз да койсо да болот. Айтайын дегеним, массажды жону алган мезгилде көгала болгон сүрөт түшөт. Ошол сүрөт аркылуу адамдын дарты
билинет. Ал сүрөт менен дигноз коюлат. Негизи гуаша массажынын бирөөсү эле башка массаждын 10уна барабар. Айтайын дегеним, гуаша массажы жасалып жаткан мезгилде организмде беш жумуш аткарылат. Алгач тазалануу, 10-15 жылга жашаруу процесси, андан кийин дарылануу процесси болот. Анан регульяция (ысык менен суукту теңдөө) процесси жүргүзүлөт. Кыскасы, гуаша массажы баарыбызды, санаага салган, жаныбызды кыйнаган 400дөн ашык дартка даба болот
Кыскасы, жүрөк кан-тамырга, кант диабетине, инсультка, гипертония ооруларынан тышкары ички органдардагы бардык жагына жакшы таасирин тийгизет. Эң негизгиси нервге байланыштуу бардык ооруларга (невралгия, истерия, эпилепсия, невроз, психоз) жакшы таасирин берет.

“Гуаша массажы боорду уулу заттардан тазалап, аракка болгон көз карандысыздыкты жоготот”
– Гуаша массажын алган адам арактан эле эмес, “безсоница” деген уйкусу качкан дарттан да кутулат. Анткени, бир эле гуша массажы 35 чакырым чуркаганга барабар болуп, кан айлануу системасы калыбына келип, каны тазалап, боордун иштөөсүн жакшыртат. Боордогу уулуу заттарды заара аркылуу сыртка чыгат. Массаждын керемет күчү менен боорду уулаган уулу заттардан арылып, ички органдар тазаланат. Жыйынтыгында, адам аракка болгон көз карандысыздыгы жоголуп, боор баштагы таза калыбына келет. Ал турсун өлгөн клеткаларды калыбына келип, теринин өңү да агара баштайт.
“Гуаша массажы лимфанын ишин жакшыртып, өнөкөт бронхиттен, тизе оорудан кутултуп, организмди паразиттен тазалайт”

Ошондой эле гуаша массажы адамдын организмине чоң таасир берген лимфанын иштөөсүн жакшыртат. Көп эле дарыгерлик кылгандар лимфанын кесепетинен жөтөл күчөп, өнөкөт бранхит күч алаарын билишпейт. Лимфа таманда, эки тизеден анан адамдын жан жеринде, ашказанда, өпкөдө, тамакта, мурунда жайгашат. Адамдын эки тизеси ооруп же тизенин арты кычышып калганда лимфа ооруп же жылбай токтоп калат. Лимфа токтоп, иштебей калса, адам семирип кеткендей абалга туш болот. Аялдар виделение келип жатат деп гинекологдорго барса, өлгөн лимфалар чыгып жатканын билбей оргинизмди уулап, күчтүү антибиотиктерди беришет. Көп учурда жатын жабыркабай эле организмде өлүп калган паразиттердин өлүгү виделение аркылуу чыгат. Өпкөдөгү лимфа жабыркаса көк жөтөл күч алып, өнөкөт бронхитке айланып кеткендей сезилет. Гаймарит дагы мурундагы лимфа жабыркаганынан болот. Кыскасы, гаймарит, өнөкөт бранхит, бут ооруу, тизе оору, ашказан ооруунун көпчүлүгү гуша массажын алып, токтоп же жабыркап калган лимфа баштагыдай ишке киргенде аты аталган дарттар орду түбү менен жоголуп, организм паразиттерден арылат.
Ошондой эле гуаша массажы адамдын өмүрүн узартып, ден соолугун чыңдайт.

 

“Буйволдун мүйүзү бийиктикте турган үчүн дарылык касиети күчтүү”

—Буйволдун мүйүзүнөн жасалган бул төрт бурчтук пластинанын дарылык касиети абдан күчтүү. Анткени мүйүз 18 дары чөптүн составына салынып туруп сууга кайнатылып даярдалат. Түзүлүшү болсо илгерки биздин апаларыбыздын чачы таралган таракка окшоп кетет. Адам ооруп температурасы көтөрүлүп турган учурда денесине койсо тапты түшүрөт. Андан тышкары адам өзүн жаман сезип турганда ар бир кырган сайын денесиндеги терс энергиянын баары чыгат. Анткени, мүйүз чачтан да жогору туруп. Күндүн энергиясын алып, дайыма бийиктикте турган үчүн эң жакшы энергетиканы алып жүрөт. Ошон үчүн дарылык касиети күчтүү.

“Буйволдун мүйүзү менен кыздардын сүйүү, сексуалдык чакрасын ачып, кыздардын турмуш жолун ачса болот”

Баса, буйволдун мүйүзү терс энергияны сүйрүп чыгарган касиетке ээ болгон үчүн адамдын чакраларын да ачат. Мисалы, будаланып эле жакшынакай кыздар турмушка чыга алышпай жүрбөйбү. Алардын сексуалдуу чакрасында, биоэнергиясында көзөнөк (дырка) тузга же башка нерсеге толуп калган болот. Мындай учурда гуаша массажы менен энергия ритмдеринин баарын толуктап, сексуалдык чакрасын ачса болот. Башкача айтканда, сексуалдык сүйүү чакралары ачылса, кыздарга жигиттер өзү эле көңүл бура баштайт. Массаждан кийин жер менен асмандан келген эки энергия гармониялуу жүрө баштайт. Гуаша массажын толук алганда ички органдардын баары гармонияга келет.

 

“Гуаша массажжы эркектин бел кубатын жогорулатып, аденома, прастатит деген дарттан арылтат”

Гуаша массажы эркектердин да бел кубатын күчөтөт. Эркектер жабыркаган аденома, простатит дарттарынан арылтат. Анткени, простат же аденомага чалдыкканда майда кан тамырларга кан жетиштүү барбай калат. Ошондо бардык орган өзүнүн функциясын жакшы аткара албай калат. Гуаша массажынын дарылоо процессинде майда кан тамырларга кан жакшы барып, бул дарттан сакайышат. Ошондой эле эркектердин потенциясы көтөрүлөт. Кыскасы, уникалдуу гуаша массажы адамдын ден соолугун чыңдап, ысык суукту теңдейт


 

Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан. Kg”  гезити