Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

 

Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган.

 

- Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!

 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кабар», «5-канал» жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда.

 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.