Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 3-октябрында кабыл алынган.

 

Аталган Мыйзамдын максаты — финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү.

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.