Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча улуттук командаларынын беттеши жапон футболчуларынын пайдасына чечилди. Кыргыз футболчулары атаандашынан 0:2 эсебинде утулуп калды.
Беттеш Дүйнө чемпионаты – 2020 жана Азия Кубогу – 2023 тандоо турунун алкагында болду.
Голду Такуми Минамино менен Генки Харагучи киргизишти.
Кийинки беттеш 19-ноябрда болот жана анда Кыргызстан Тажикстандан келген команда менен беттешет.