Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасын колдоо үчүн стадионго барды.

 

Өкмөт башчы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү.

 

Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы  F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат. Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.