Депутат Жанарбек Акаев Өкмөттүн коопсуз шаар, патрулдук милиция, мугалимдердин айлыгынын көтөрүү, билим берүү тармагын эӊ биринчи приоритеттүү тармак деп аныктоо сыяктуу алгалыктуу иш-аракерди көрүп жатканын белгиледи. Ошону менен катар аймактардагы мектептерде мугалим жетишсиздигин чечүү, аларга колдоо көрсөтүү максатында педагогикалык факультеттердин студенттеринин стипендиясын жогорулатууну сунуш кылды. Мындан сырткары, эл өкүлү футбол жаштардын башын бириктирген идеологияга айланганын баса белгилеп, футбол аянтчасы менен кошо спорттук шаарча курула тургандыгын тактады.

 

Белгилей кетсек  Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралууда. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.