Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет. 

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт. Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат. 

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү

Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. Эгер ЕАЭБ Кыргызстандын бул өтүнүчүн четке кага турган болсо, анда азыркы Япония, Германия, АКШ жана башка чет мамлекеттерден дээрлик өзбаасында же андан да арзан (бизге колдонулган автомашиналар ташылат) жана сапаттуу авто унаалардын бажы төлөмү өз баасынан да кымбаттап, Россиянын “Жигули”, “Москвичине” күнүбүз түшөбү?

Булак: “Майдан. Kg”  гезити