Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жакында иш сапарынан кайтып келатып "Манас" абамайданынан тосуп алып коштоп жеткирчү кортежден баш тартты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков кабарлады. 

 

 

Соцтармактагы баракчасына басма сөздүн жетекчиси мындай билдирүү калтырды. 

 

"Жазбай кое албайм - жакында Сооронбай Жээнбеков иш сапарынан кайтып келгенде кортежден жана башка кайтаруу шөкөттөрүнүн  коштоосунан такыр эле баш тартты. Абамайдандан тынч кетип калды, аны эч ким байкабай да калды. Жөн гана, кортежсиз, мигалка жана коштоосуз. Абамайдандагы башка жарандардын ишине, жүргүнчүлөргө, трассадагы айдоочуларга жолтоо болбой", - деп жазды Жумаков. 

 

Президенттик аппарат бул президенттин Япониядан кайткан күнү болгонун белгилешти. Элдин баары жумуштан кайтып жаткан убакка туш келгендиктен мамлекет башчы коштоочуларсыз кетүүнү туура көргөн.