Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

 

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы берилди:

 

— Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси. 

 

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди:

 

— Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына;

 

— Алымкулов Алиясбек Толбашиевичке — Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

 

— Абдыжапарова Бүбүйра Самыйбековна — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси;

 

— Макеев Толенды Картанбаевич — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;

 

— Тохтоходжаев Анвар Розамович — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси;

 

Сыйлыктар «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын БУУ менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда тапшырылды.