Стамбулда белгисиз бирөө тарабынан атылып өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити айдап жүргөн автоунаа Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылууда. 

 

Интернетке Саймаитиге байланышкан видео тарап, ал айдап жүргөн Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа көңүл бурдурган. Белгилей кетсек ишкер  кафенин жанына автоунаасын токтоткон. Полиция так ушул автоунааны  Айэркен Саймаити айдап жүргөн деп божомол кылууда. 

 

 

 


 

Автоунаага тагылган  34 CC 2902 дипномер Стамбулдагы кыргызстандык консулдукка таандык экени белгилүү болду. Бирок КР ТИМ мындай маалыматтарга бир беткей жообун бере элек. Ал арада бул автоунаа менен Эркин Сопоков жүрөөрү да айтылып баштады. ь

 

Илим Карыпбеков: "Башынан эле өлтүрүлгөн Айэркен айдаган автоунаанын номери КРнын Стамбулдагы  Башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени билинген. Биз чоң үй-бүлөбүз, бизде баары жалпы. Эми Түркияда да биздин дипномерлерлер ары-бери таратылаары белгилүү болду", - деп жазды.