22 жылдан бери гезит дүйнөсүндө өз ордун таап келаткан "Ай-Данек" гезитине октябрь айындагы чыгарылышы үчүн ата-энелер тарабынан нааразычылык айтылды. 

 

Маалым болгондой гезиттин №1041 санында орус тилинде анекдот жарыяланып, анда цензурадан өтпөгөн сөз кошулуп кеткен. Болгондо да биринчи бетине жарыяланганын айткан ата-энелер бул гезитти бардык мектеп окуучулары окуй турганы да белгилешкен. 

 

 Белгилей кетсек аталган гезит коомдук ишмер Токтайым Үмөталиеваныкы экени белгилүү.