Алтын-Ордо конушундагы Полиция шаарчасындагы көчөлөрдүн бирине Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган болчу. Кайра аталыш алмаштырылып ИИМдин мурдагы министринин ысымы жокко чыгарылды.

 

Конуштун жашоочуларынын маалыматына караганда алар Конгантиевдин ысымы көчөгө берилээрин билишкен эмес. Бир ууч топтун чечимин кийин гана угушкан. Аз жерден Молдомуса Конгантиев боло жаздаган көчө мындан ары Мурас деп аталат.

 

Эске салсак ИИМдин мурдагы башчысынын ысымы көчөгө берилгени 22-октябрда белгилүү болгон. Соцтармактын колдонуучулары буга нааразычылыгын билдиришкен.

 

Конгантиев 2010-жылдын апрель окуясы учурунда ИИМди жетектеп турган.

 

Буга дейре Жалал-Абадда да көчөгө Курманбек Бакиевдин аты берилгени маалым болуп, ал да нааразычылык менен коштолгон. Акырында шаар бийлиги көчөнүн атын өзгөртүп гана койбой Бакиевдин атын бергендерди жазага тартууга чамынышты.