Бишкектеги бардык фаст-фуд жасоочу жайлар текшерүүгө алынат. Бул "Антошка" тез тамактануучу жайында чыккан өрттөн кийин жасалууда. 

 

Бишкек мэриясынын пландалган кеңешмесинде белгилүү болгондой биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев өрткө каршы чаралар боюнча план-программаны даярдоону тапшырды, айрыкча мектептер, бала бакчалар, социалдык мекемелер, ошондой эле тез тамактануучу жайлар 18-ноябрга чейин текшерилүүгө тийиш. 

 

 Бакетаевдин айтымында өрткө каршы чараларды ишке ашырууга шаардык бюджеттен жетиштүү суммадагы каражат бөлүндү. 

 

 Ошондой эле анда айтылгандай жарыктандыруунун аба линияларын, электрдик жарнама түркүктөрүн да дыкат текшерүү керек. 

 

ӨКМнын өкүлү Майрамбек Жунусовдун билдиргенине караганда аталган тез тамактануучу жайдагы жарылуудан 14 адам жабыркап, 1 адам каза тапкан.