Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз баюу боюнча айып тагуу негизсиз. Анткени анын байлыгына кызматынын эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

 

 “Зилалиевдин кызматтан кеткенден кийин гана байыга боюнча менде бардык далилдер бар”, - деди Токтакунова.

 

 Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз байыганы боюнча айып тагылган. УКМКнын текшерүүсүндө анын декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү табылган. Ошондой эле банк эсептеринде миллиондогон каражаттар болгон. Бирок мурдагы аткаминер бул айыпты четке кагып, саясий куугунтук катары көрсөтүүдө.  

 

 Ошондой эле экс-вице-премьер-министрдин жубайынын жана балдарынын Латвиядагы эсеби да табылган.